Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:40

Эрдоган: Түркия Швециянын НАТОго мүчө болушун колдобойт


Режеп Тайып Эрдоган
Режеп Тайып Эрдоган

Түркия Швециянын НАТОго мүчө болушун колдобойт. Бул тууралуу президент Режеп Тайып Эрдоган Стокгольмдагы түрк элчилигинин жанында Куранды өрттөп салган окуядан кийин айтты. Эл аралык агенттиктер кабарлагандай, антиисламчыл Stram Kurs партиясынын лидери Расмус Палудан швед баш калаасындагы Түркиянын элчилигинин жанында акция уюштурган. Акцияда ошондой эле күрттөрдү колдогон ураан-чакырыктар айтылган. Бул Стокгольм менен Анкаранын тирешин күчөттү.

"Биздин өлкөнүн элчилигинин алдында мындай акаарат айтууга жол бергендер мындан ары НАТОго мүчө болууда бизден колдоо күтпөсүн", - деди Эрдоган Министрлер кабинетинин жыйынынан кийин сүйлөгөн сөзүндө.

Буга чейин Швециянын премьер-министр Ульф Кристерссон Анкара шведдердин арызын колдойт деп ишенип турганын билдирген. Куранды өрттөгөн акциядан кийин Швециянын тышкы иштер министри Тобиас Билльстрём өлкөнүн бийлиги андай кадамдарды айыптай турганын айтты.

Ондогон жылдардан бери нейтралитет макамындагы Швеция жана анын коңшусу Финляндия НАТОнун курамына кирүү тууралуу арызын Орусия Украинага кол салгандан көп өтпөй, 2022-жылдын май айында берген.

Арызды канааттандыруу үчүн протоколду НАТОнун бардык мүчөлөрү – 30 өлкө ратификациялашы зарыл. Азырынча макулдугун 28 өлкө берди. Венгрия жакынкы арада ратификациялайт деп болжолдонууда. Түркия альянстын мүчөсү катары алардын кабыл алынышына каршы добуш бере алат.

23-январда Түркияда, Йеменде, Иракта жана Иорданияда Швециянын баш калаасындагы окуяга нааразылык билдирген демонстрациялар өттү.

XS
SM
MD
LG