Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:34

Калифорниядагы кол салууда жети адам каза болду


Шектүү кармалган учур.
Шектүү кармалган учур.

АКШнын Калифорния штатынын Хаф Мун Бей шаарында 23-январдагы кол салууда жети киши каза болуп, бирөө оор жараат алды. Бул - штаттагы акыркы үч күндө болгон экинчи жапырт кол салуу.

67 жаштагы шектүү Чунли Чжао аттуу жергиликтүү тургун окуядан эки сааттан кийин кармалган. Анын полиция бөлүмүнүн алдына токтотулган автоунаасынан тапанча табылган. Ал козу карын фермасынын жанында төрт кишини, андан үч чакырымдай алыстагы гараждын жанында үч кишини атып өлтүргөн.

Баштапкы маалыматтарга караганда, шектүү чарбада иштейт. Кол салуунун себеби белгисиз. Полиция ал кылмышты жалгыз жасаганын айтып жатат.

Ишембиде Лос-Анжелестеги кол салууда 11 киши каза болуп, 10у жараат алган. Кылмышка шектелген Ху Кан Тран өз жанын кыйган. Кылмыштын себептери азырынча белгисиз, тергөө уланууда.

XS
SM
MD
LG