Непалда кулаган учактагы төрт адамдын дайыны чыкпай жатат

Кырсыктан кийинки издөө-куткаруу иштери. 15-январь, 2022-жыл.

Непалда 15-январдагы авиакырсыкта бери дегенде 68 киши набыт кеткени, дагы төрт адамдын дайыны чыкпай жатканы расмий кабарланды. Издөө иштери 16-январда да уланды.

Непалдын жарандык авиация башкармалыгы кырсыкка эмне себеп болгону азырынча белгисиз экенин билдирди.

Жекшемби күнү Покхара курорттук шаарындагы жаңы ачылган аэропортко 72 киши менен бараткан учак конуп жатканда капчыгайга кулаган.

Yeti Airlines компаниясына таандык эки моторлуу учактагы жүргүнчүлөрдүн 15и чет элдиктер, төртөө экипаж мүчөсү болгон.

Дагы караңыз

Днепрде Орусиянын соккусунан кырктай киши мерт болдуДавосто экономикалык форумга Орусиянын өкүлдөрү катышкан жокУкраина Орусиянын айрым чабуулдарынын мизин кайтарганын жарыялады Италияда мафиянын 30 жылдан бери издөөдө жүргөн башчысы кармалдыЭнергетикалык кризистен улам Ташкенттин мэри кызматтан алынды