Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:44

Давосто экономикалык форумга Орусиянын өкүлдөрү катышкан жок


Форумдун алдында өткөн акция.
Форумдун алдында өткөн акция.

Давосто 16-январда ачылган Дүйнөлүк экономикалык форумдун катышуучуларынын арасында Орусиянын бир дагы өкүлү жок. Бул тууралуу Bloomberg форумга чакырылгандардын тизмесине таянып жазды.

Басылма муну Украинадагы согуштан улам дүйнөнүн Орусияга карата өзгөргөн мамилесине байланыштырды.

Рынокко олуттуу терс таасирин тийгизген COVID-19 эпидемиясынын кайрадан күчөшүнөн улам Кытайдан дагы бир дагы бизнесмен форумга келбеди. Ошол эле учурда форумда Кытайдын вице-премьер-министри Лю Хэ сөз сүйлөйт.

Форумга 116 миллиардердин катышуусу күтүлүүдө, бул он жыл мурункуга караганда 40% көп. Перс булуңундагы өлкөлөрдүн жана Индиянын өкүлдөрүнүн саны өзгөчө көбөйгөн. Эң көп катышуучу адаттагыдай эле АКШдан келди. Евробиримдиктен 18 гана миллиардер, Улуу Британиядан чириген бай Лакшми Миттал жана анын балдары бар.

Орусиялыктар былтыркы форумга да катышкан эмес.

Швейцариялык өкмөттүк эмес уюм болуп саналган Дүйнөлүк экономикалык форум 1971-жылы түзүлгөн. Ага бир канча мамлекеттеги миңге жакын ири компаниялар жана уюмдар мүчө. Жылына Давос шаарында форумдун салттуу чоң жыйыны болот. Бул жылкы форумда бир катар мамлектетеринде катышуусунда саясий темалар, Украинадагы согуш жана жалган маалыматка каршы күрөш маселеси талкууланары кабарланган.

Жекшемби күнү форумга каршы активисттер байларга салыкты көбөйтүү талабы менен демонстрациягы чыгышты.

XS
SM
MD
LG