Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:52

Днепрде Орусиянын соккусунан кырктай киши мерт болду

Днепрде Орусиянын соккусунан кийин бир тарабы кыйраган көп кабат үйдүн тургундарын куткаруу иштери уланууда. Соңку маалымат боюнча каза тапкандар 40тан ашты. Турак жайда 72 батир талкаланып, 230дан ашыгына зыян келтирилди. Бул үйдө жалпы 1700дөй киши жашаган.

Шаарга 14-январда орусиялык ондогон түрдүү ракета атылганда алардын бири тогуз кабат үйгө тийип, анын бир тарабы толук кыйрап калган. Орусиянын Коргоо министрлиги ракеталары Украинанын аскердик башкаруу мекемелерине тийгенин, сокку максатына жеткенин билдирүүдө.


XS
SM
MD
LG