Ысык-Көлдө күчү алты баллга жеткен жер титирөө катталды

Иллюстрациялык сүрөт.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 28-декабрда саат 23:16да Ысык-Көл облусунун Кытай менен чектеш аймагында жер титиреди.

Очогунда күчү алты баллга жетти. Ал эми Ак-Суу районунун Таш-Короо, Кургак айылдарында беш балл, Эчкили-Таш, Койлуу, Май-Саз айылдарында 4,5 балл, Түп районунун Кең-Суу айылында 4,5 балл жана Каракол шаарында 3,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. (КЕ)

Дагы караңыз

Зеленский Украинанын Жогорку Радасына кайрылуу жасадыПермде алты адамды өлтүргөн Бекмансуров өмүр бою камалдыКосово Сербия менен чек арадагы Мердаре өткөөлүн жаптыКыргызстандык кол өнөрчүлөр Италиядагы эл аралык көргөзмөгө катышып келишти Ирандык шахматчы кыз дүйнөлүк чемпионатка жоолуксуз катышты