Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:44

Зеленский Украинанын Жогорку Радасына кайрылуу жасады


Владимир Зеленский.
Владимир Зеленский.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Жогорку Радага жылдык кайрылуусун жасады. Анын сүйлөгөн сөздөрүнүн үзүндүлөрдүн депутат Алексей Гончаренко социалдык тармактарга жарыялады. Ал Телеграм-каналында Украина президентинин кайрылуусундагы негизги тезистерин келтирди.

Зеленскийдин айтымында, Украина өзүнүн күрөшү менен Европа Биримдигин жана жалпы эркин дүйнөнү бекемдеп жатат, ал эми украин армиясы - империялардын мезгили эч качан кайтып келбестигинин кепилдиги.

"Киев жашыл энергетиканы курууда лидер болот", - деген Зеленский өлкөнүн аскердик-өнөр жай тармагы эң прогрессивдүү комплекстердин бири болорун белгиледи.

Президент Украинанын максаттары катары аймактык бүтүндүктү калыбына келтирүү жана бардык туткундарды бошотуу экенин атады. Зеленскийдин кайрылууда айткандагы сөздөрүн депутат Ярослав Желензняк дагы Телеграмга жазды. Железняктын айтымында, президент согуштан кийин Украинаны кайра куруу Европадагы эң ири экономикалык долбоор болорун ишарат кылды.

Украин президенти Орусия аскерий кылмыштары үчүн жоопкерчиликке тартыла турганын айтып, учурда бул үчүн атайын механизм иштелип жатканын белгиледи, - деп жазды Гончаренко.

Украинанын аймагында орус армиясынын ыктымал согуш кылмыштарын Эл аралык кылмыш соту иликтейт. Москва өзүнө коюлган айыптардын баарын четке кагууда.

XS
SM
MD
LG