Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:43

Пермде алты адамды өлтүргөн Бекмансуров өмүр бою камалды


Орусиянын Пермь мамлекеттик университетинде алты адамдын өлүмүнө күнөөлүү деп табылган мурдагы студент Тимур Бекмансуров өмүр бою эркинен ажыратылды.

Мындай өкүмдү 28-декабрда күнү Пермь облустук соту чыгарды. Ал Бекмансуровду бардык беренелер боюнча – алты адамды өлтүрүү жана 59 адамды өлтүрүүгө аракет кылуу, мүлккө зыян келтирүү жана милиционердин өмүрүнө кол салуу боюнча күнөөлүү деп тапты. Мамлекеттик айыптоо аны өмүр бою эркинен ажыратууну талап кылган.

2021-жылдын 20-сентябрында юридикалык факультеттин 1-курсунун студенти, 18 жаштагы Бекмансуров университеттин имараттарынын биринде ок аткан. Бекмансуров өзү милиция кармаган учурда жарадар болгон. Соттук отурумда ал күнөөсүн мойнуна алып, бирок анын жүйөсүн түшүндүргөн эмес. Көрсөтмө берүүдөн баш тарткан.

Ошол эле жылы Казандагы гимназиядагы аткылоодо тогуз адам каза болгон.

XS
SM
MD
LG