АКШ Орусиянын коркутууларына моюн сунду деп БУУну айыптады

Украин бийлиги Иранда жасалган "Шахед-136" деп сүрөттөгөн дрон. Сентябрь 2022-жыл

Кошмо Штаттар Ирандын Орусияны дрон менен камсыз кылганын иликтей албайт деп БУУнун жетекчилигин айыптады. Вашингтон ошондой эле орусиялык аскерлер пайдаланып жаткан учкучсуз учактарды текшерүү үчүн Украинага расмий адамдар жөнөтүлбөгөнүнө нааразы.

АКШнын уюмдагы элчисинин орун басары Роберт Вуд Орусиянын коркутууларына моюн сунуп, БУУ мандатын аткарбаганы иренжитерин билдирди.

Британия, Франция, Германия, АКШ жана Украина иранда жасалган дрондорду Орусияга жөнөтүү Улуттар Уюмунун резолюциясын бузарын айтып келет.

"Америка авазы" радиосу кабарлагандай, буга чейин баш катчы Антониу Гутерриш кызматкерлер маалыматтар менен таанышып жатканын билдирген.

Орусиянын уюмдагы элчиси Василий Небензя 19-декабрдагы жыйында эл аралык уюмдун өкүлдөрү "Батыш өлкөлөрүнүн басымына туруштук бериши керектигин", "иликтөө" делген текшерүүнүн жыйынтыгы жараксыз деп саналарын айткан.

Ал эми Ирандын туруктуу өкүлү Саид Иравани Тегеран Орусияга Коопсуздук кеңеши тыюу салган жабдыктарды бербегенин билдирди. Февралга чейин жөнөтүлгөн дрондорго тыюу салынбаганын, алар "Украинадагы жаңжалда колдонулсун деп берилбегенин" кошумчалады.

Орусия акыркы айларда Украинага "Герань-2" дрондору менен сокку уруп жатат. Киев жана Батыш алар Иранда жасалган "Шахед-136" экенин айтууда.

Дагы караңыз

Италиялык ырчыны таарынткан гонорар, акталбай калган чыгым Салык кызматы чектер лотереясында байгелердин санын көбөйттү Аза кызматынын жетекчиси Жунусбеков шаардык кеңештин депутаты Атамбаевди сотко бердиӨзбекстан: сталиндик репрессиянын 173 курмандыгы акталышы мүмкүн