19-декабрда Өзбекстандын Жогорку соту совет мезгилиндеги репрессиянын курмандыгы болгон 173 адамдын иши карала турганын билдирди. Республикалык жумушчу топ илимий изилдөөлөрдү жүргүзүп, ар кандай себептер менен акталбай калган репрессия курмандыктарын реабилитациялоону сунуштаган.
Репрессиянын курмандыктарынын элесин түбөлүккө калтыруу боюнча республикалык жумушчу топ Өзбекстандын президентинин буйругу менен 2020-жылы түзүлгөн. Бул Жогорку соттун сталиндик репрессиянын курмандыктарын актаган үчүнчү жараяны болуп калат.
Ушул жылдын башында Жогорку соттун төрагасынын орун басары Икрам Муслимовдун төрагалыгы астында алты иш каралып, 120 киши кылмыштын курамы болбогону үчүн акталган.
2021-жылдын августунда сот советтик режимде адилетсиз соттолгон 115 адамды актаган чечим чыгарган.
Ошол жылы 31-августта президент Шавкат Мирзиёев "өзбек элинин мыкты атуулдары советтик репрессиянын курмандыгы болгонун" айткан.
"Жогору потенциалы бар жетекчилер, илимпоздор, жазуучулар, дарыгерлер, педагогдор репрессияланган. Алар элибиздин чыгаан өкүлдөрү болгон. Эски режим өзүнүн иденттүүлүгүн көтөрүп, улуттун көзүн ачкан интеллектуалдарга муктаж болгон эмес. Алардын (ред: - репрессияга тартылгандардын) айыбы - улуу болгонунда", - деген Мирзиёев.
1937-1953-жылдар аралыгында 100 миң өзбекстандык репрессияга тартылганы айтылат. Атап айтканда, 13 миң адам атылып, миңдеген интеллигенция өкүлү сүргүнгө айдалган.