Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:23

Салык кызматы чектер лотереясында байгелердин санын көбөйттү


Буга чейин эки жолу чектердин лотерясы ойнотулган.
Буга чейин эки жолу чектердин лотерясы ойнотулган.

Мамлекеттик салык кызматы "Чек талап кылып, байге утуп ал!" деген ураан менен өтүп жаткан лотереянын байге фонду көбөйгөнүн билдирди. Ага ылайык, буга чейин жарыяланган 32 белек 52 болду.

Лотерея 30-декабрда ойнотулат жана үчүнчү жолку утушка 12 даана iPhone 13, 11 Samsung смартфону, 5 кир жуугуч машина, 5 муздаткыч, 5 телевизор, 5 чаң соргуч, 6 микротолкундуу меш ойнотулат. Баш байге – Бишкектеги батир болот. Ошондой эле бир унаанын ордуна эки электромобиль ойнотулат. Лотерея Улуттук телеканалда, Салык кызматын социалдык тармактардагы баракчаларында түз көрсөтүлөт.

Учурда лотереяга 170 миңден ашык адам катышып, алар жалпысынан 18,3 миллиард сомго 17,9 миллион лотереялык ID-билеттерди топтогон. Байге утууга катышуу үчүн "Салык Чек" мобилдик тиркемесин жүктөп алып, каттоодон өткөндөн кийин кассалык чектердин QR-кодун сканерлөө зарыл.

Буга чейин эки жолу чектердин лотерясы ойнотулган. Биринчи утушта лотереянын эки байгеси жокко чыгарылган. Салык кызматы анда комиссия iPhone 13 жана микротолкундуу меш утуп алган байге ээлери лотереянын талаптарын бузган деп тапканын билдирген.

Өкмөт көзөмөл-кассалык аппараттарды (ККМ) колдонууну жайылтуу үчүн ушул жылдын май айынан тартып кассалык чектер менен лотерея ойнотуларын, баалуу сыйлыктар берилерин жарыялап келет.

Кыргызстанда бир катар соодагерлер ККМнын киргизилишине каршы чыгууда.

XS
SM
MD
LG