2023-жылы Бишкекте жана өлкөнүн башка аймактарында "Тез жардам" машинелеринин саны көбөйөт. Келерки жылдын башында 90дон ашуун машине келет деп күтүлүүдө. Анын сегизи Бишкекке бөлүнөт. Бул тууралуу 19-декабрда саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында билдирди. Анын айтымында, учурда Бишкектеги автобазада 74 унаа бар.
Анын 30у ар кандай себептерден улам колдонуудан алынган.
"Азыр чакырууларга 33 унаа жана 37 бригада чыгып жатат. Беш машине жол кырсыгына кабылган. Шаардагы оору-сыркоонун көбөйүшүнө байланыштуу кошумча беш машине бөлүп бергенбиз. Бир "Тез жардам" унаасы 5,5 жыл иштеши керек. Бизде 10 жылдан ашуун убакыт пайдаланып жүрөбүз. Жабдууларды жаңыртуу зарыл", - деди Баатырова.
Министр автоунаалар кайдан жана канча каражатка келерин тактаган жок.
Кыргызстанда курч респиратордук вирус жуктургандар жана сасык тумоого кабылгандар кескин көбөйгөнү мындан эки апта мурда байкалган. Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин маалыматына караганда, 12-18-декабрь аралыгында Кыргызстанда 44 миңден ашуун бейтап катталган.
Оору-сыркоо күчөгөн учурда "Тез жардам" келбей калган учурлар көп кездешип, тургундардын нааразылыгын жаратып келет.
“Тез жардам” машинелеринин жетишсиздиги Кыргызстандын саламаттык сактоо системасындагы негизги көйгөйлөрдүн бири. Норма боюнча 10 миң кишиге бир бригада болушу керек деген талапты эске алганда, Бишкекте кеминде 100 машине иштөөгө тийиш. (КЕ)
Дагы караңыз
Жаза аткаруу кызматы: ачкачылык кармагандар дарыгерлердин көзөмөлүндө Киевдин борборуна "Жеңилбес Рождество балатысы" орнотулдуСасык тумоо бир аптада 44 миңден ашык кишиден аныкталды Улуттук банк алардын атын колдонгон шылуундар көбөйгөнүн эскертти