Киевдин борборуна 17-декабрда жаңы жылдык балаты орнотулду. Орусиянын соккуларынан энергетикалык кризиске капталган шаардын караңгы София аянтындагы балатыны калаа мэри Виталий Кличко "Жеңилбес Рождество балатысы" деп атады.
Кылымдарды карыткан Ыйык София соборунун алдындагы аянтка жыл сайын чоң балаты орнотулуп турган. Бул жылы 12 метрлик жасалма арча тургузулду. Андагы энергияны үнөмдөөчү чырактар генератордон кубат алат.
Кличконун айтымында, балаты донорлор жана компаниялар бөлгөн каражатка орнотулган жана майрамдык сейилдөөлөр болбойт.
Украинанын калкы 43 миллион, алардын көбү православ христиандары.