Аптасына 9 миң болуп жаткан сасык тумоо бир күндө 9 миңден ашты

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда сасык тумоо менен катталгандар айдын башында аптасына 9 миңдин тегерегинде болуп жатса, бүгүн 16-декабрга карата бир күндүк көрсөткүч 9 миңден ашты. Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин маалыматына караганда, 16-декабрда сасык тумоо 9382 адамда аныкталды.

Сасык тумоо өткөн аптада көбөйө баштаган. 5-11-декабрь аралыгында 14 миң бейтап катталган, ага чейинки бир аптада бул көрсөткүч 9 миңдин тегерегинде болгон.

Бейтаптардын 68% 14 жашка чейинки курактагы балдар экени кабарланган.

Оору күчөгөндүктөн мектептер 24-декабрга чейин, мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын мектеп-интернаттары 30-декабрга чейин онлайн окууга өттү. (RK)

Дагы караңыз

УКМК: Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри кармалдыСоода-өнөр жай палатасынын төрагалыгына үч талапкер жактырылдыФутбол: Франция-Марокко оюнунан кийин Парижде мушташ чыкты Сөөгү сандыктын ичинен табылган келиндин өлүмүнө шектүү Өзгөндөн кармалды