Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:17

Футбол: Франция-Марокко оюнунан кийин Парижде мушташ чыкты


Катардагы Марокко-Франция беттеши.
Катардагы Марокко-Франция беттеши.

14-декабрдан 15-декабрга караган түнү Франция менен Марокконун футбол командаларынын оюнунан кийин Парижде футбол күйөрмандары жапырт мушташты.

Катардагы чемпионаттын жарым финалында француздар марокколуктарды 2:0 эсеби менен жеңип, финалга чыккан. Мындан кийин Париждин көчөлөрүнө жеңишти майрамдоого чыккан күйөрмандар менен марокколук футболчуларды сүрөгөн топ кагылышкан.

Елисей талаасына жүздөгөн полиция машинелери келип, жалпы Франция боюнча 10 миңдей кызматкер кошумча иштеп жатат.

Эки тараптын күйөрмандары көчөдө бири-бирине кол салып жатканы кабарланууда. Парижден тышкары Брюссел, Ницца, Лиондо да башаламандыктар катталды.

Марокко 1956-жылга чейин Франциянын колониясы болуп турган.

Франция командасы 18-декабрда Аргентина менен беттешет. Марокконун командасы 17-декабрда Хорватиянын футболчулары менен үчүнчү орун үчүн ойнойт.

Марокко Африкадагы футбол боюнча дүйнө чемпионатында мындай чоң ийгиликке жетишкен алгачкы команда болуп калды. (BCh)

XS
SM
MD
LG