Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:05

Сөөгү сандыктын ичинен табылган келиндин өлүмүнө шектүү Өзгөндөн кармалды


Кара-Суу районунда 36 жаштагы келинди өлтүрүүгө шектелген адам.
Кара-Суу районунда 36 жаштагы келинди өлтүрүүгө шектелген адам.

14-декабрда Өзгөн районунун 49 жаштагы тургуну адам өлтүрүүгө шек саналып кармалды. Ал өзү менен сегиз айдан бери жарандык никеде жашап жүргөн 36 жаштагы келиндин өмүрүн кыйганы айтылууда.

Милициянын маалыматына ылайык, шектүү мурда Казакстанда соттолгон.

Кара-Суу районунун Кызыл-Шарк айылында төрт балалуу келиндин сөөгү 1-декабрда өзүнүн үйүндөгү сандыктан табылган.

Окуяны Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмү иликтеп жатат. Тергөөнүн жүрүшүндө маркум күч колдонуунун айынан каза болгону аныкталган.

Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жазык кодексинин 122-беренесинин ("Адам өлтүрүү") негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө башталганын, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин билдирди.

11-декабрда Сокулук районунда 24 жаштагы келин киши колдуу болуп, анын өлүмүнө шектүү катары жарандык никедеги күйөөсү кармалган.

Ички иштер министрлигинин статистикасына караганда, соңку эки жылда Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулуктан 20 аял каза тапты, жыл сайын 10 миңдей аял үйүндө зомбулукка кабылат.(AAb/BCh)

XS
SM
MD
LG