Сасык тумоодон улам окуучулардын сабакка келбей жатканына байланыштуу Бишкекте сегиз мектеп 14-декабрдан тарта карантинге жабылып, онлайн окууга өтөт. Бул тууралуу 13-декабрда Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору Билим берүү башкармалыгы менен 13-декабрда 50 мектепте балдардын окууга келүүсүн текшерди.
Жыйынтыгында борбордогу №6, 60, 28, 54, 59, 72, 95, 103чү билим берүү мекмелеринде окуучулардын 20% мектепке келбей жатканы аныкталган. Эреже боюнча, эгер окуучулардын 20% сабакка барбай жатса мектептерде карантин киргизүү маселеси каралат.
Кыргызстанда соңку аптада сасык тумоого чалдыккандар дээрлик 1,5 эсе көбөйгөнүн Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти кабарлаган. (BTo)
Дагы караңыз
Клара Сооронкулова ачкачылык жарыялай турганын билдирдиКоомдук ишмерлер президент Жапаровду "Азаттыктын" ишине толук шарт түзүүгө үндөштү Казакстанда кармалган орусиялык майор 40 суткага камалдыСот Журабаева менен Дүйшөбаевди камакта калтырдыГермания тажикстандык оппозиционердин уулун депортациялоону көздөп жатат