Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:13

Клара Сооронкулова ачкачылык жарыялай турганын билдирди


Клара Сооронкулованы бошотууну талап кылган акция.
Клара Сооронкулованы бошотууну талап кылган акция.

13-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук соту “Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн” деп шек саналып жаткан Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулованы 2023-жылдын 20-февралына чейин камакта калтырды. Мунун алдында Клара Сооронкулова камактагы мөөнөтү узартылса, 14-декабрдан тартып ачкачылык кармай турганын билдирген.

13-декабрда райондук сот ушул эле иш боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаеваны, Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаевди, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кубанычбек Кадыровду, “Туран” партиясынын лидери Жеңиш Молдокматовду, мурдагы элчи Мамбетжунус Абыловду жана активист Эрлан Бекчоро уулун камакта калтырды.

Буга чейин саясатчы Азимбек Бекназаров 23-февралга чейин, активисттер Илгиз Шаменов, Улукбек Маматаев, Али Шабдан, Чыңгыз Капаров, Марат Баязов, “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Акыл Айтбаев, Талас облусунун мурдагы губернатору Айбек Бузурманкулов, журналист Айданбек Акматов жана экс-депутат депутат Орозайым Нарматова да 20-февралга чейин камакта калган.

Быйыл 23-28-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпысынан 26 адам жапырт кармалган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) алар “Жапырт башаламандык уюштурууга даярдык” көргөн деген негизде кармалганын билдирген. Кылмыш ишин козгоого алардын Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгонун кабарлаган.

Милиция шектүүлөрдүн айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө, ал эми камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, мунун баарын саясий куугунтук деп атап жатышат. (BTo/TSh)

XS
SM
MD
LG