Аба ырайы: кар жаабайт, айрым аймактарда туман түшөт

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызгидромет борборунун билдиришинче, 11-декабрда Кыргызстанда кар жаабайт, жолдор тоңголок жана тайгак болот. Айрым аймактарды маал-маалы менен туман капташы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетиши ыктымал.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн -13…-18, күндүз -3…-8,

Талас облусунда түнкүсүн -12…-17, күндүз -1…-6,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…-5,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -6…-11, күндүз 0…-5,

Нарын облусунда түнкүсүн -14…-19, күндүз -1…-6,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -20…-25, күндүз -9…-14.

Бишкекте кар жаабайт, айрым учурда туман каптышы мүмкүн. Абанын түнкү температурасы -13…-15, күндүз -3…-5 градус болот.

Дагы караңыз

ЖКнын басма сөз кызматы Садыбакасованын депутат тууралуу сынына жооп бердиТүштүк Корея ЖКны санариптештирүү үчүн 200 миң долларлык жабдуу берет Беларус: оппозиционерлерди жактаган адвокаттар лицензиядан ажыратылды Ноокен: өкмөт өкүлдөрү төрт баласы майып үй-бүлөдөн кабар ала элек Түркмөн телеканалы кечирим сураган "паракор" аткаминерлерди көрсөттү Латвия Алексей Коростелёвду "кара тизмеге" киргиздиМосква: кыргыз жарандарын медициналык кароодон өткөрүү маселелери талкууланды