Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:48

Түркмөн телеканалы кечирим сураган "паракор" аткаминерлерди көрсөттү


Түркмөн мамлекеттик телеканалдары коррупцияга шек саналып кармалган, күнөөсүн мойнуна алып, ыйлап кечирим сураган аткаминерлер тууралуу маал-маалы менен көрсөтүп турат.
Түркмөн мамлекеттик телеканалдары коррупцияга шек саналып кармалган, күнөөсүн мойнуна алып, ыйлап кечирим сураган аткаминерлер тууралуу маал-маалы менен көрсөтүп турат.

Түркмөнстанда мамлекеттик "Ватан" телеканалы коррупцияга шек саналып кармалган, күнөөсүн мойнуна алып, элден кечирим сураган аткаминерлерди көрсөттү.

Мунун алдында, 8-декабрда президент Сердар Бердымухамедов Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөргөн жана анда башкы прокурор Сердар Мяликгулыев дан сактаган айрым ишканаларда жана "Түркмөн аба жолдору" агенттигинде "коррупциялык кылмыштар" аныкталганын билдирген.

Мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарынын билдиришинче, дан мекемесинде иштегендерди сот 12 жылга эркинен ажыратты. Алар негизинен "унду жана улпакты мыйзамсыз өндүргөн", "буудайды мыйзамсыз сатып, мамлекетке ири суммадагы зыян келтирген" деп айыпталып жатат.

"Түркмөн аба жолдору" агенттигинин башчысынын милдетин аткаруучу Керим Керимов 13 жылга, ал эми анын кассири 8,3 жылга эркинен ажыратылды. Аларга билеттерди мамлекет чектеген баадан жогорку акчага саткан, "пара алган" деген күнөө коюлду.

"Азаттыктын" түркмөн кызматы соңку бир жыл аралыгында элди ун менен камсыз кылуудагы маселелер, дан сакталган ишканалардагы коррупция, учактарга билет сатууда паракорчулук, пара талап кылуу көрүнүштөрү тууралуу бир канча макала жарыялаган.

Түркмөн мамлекеттик телеканалдары коррупцияга байланыштуу кармалган, күнөөсүн мойнуна алып, ыйлап кечирим сураган аткаминерлер тууралуу маал-маалы менен көрсөтүп турат.

Коррупциянын деңгээлин аныктаган рейтингдерде Түркмөнстан эң арты орундарда турат.

XS
SM
MD
LG