Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:20

Латвия Алексей Коростелёвду "кара тизмеге" киргизди


Алексей Коростелёв.
Алексей Коростелёв.

Латвиянын Ички иштер министрлиги (ИИМ) "Дождь" телеканалынын мурдагы алып баруучусу Алексей Коростелёвду "кара тизмеге" кошуп, өлкөгө киришине тыюу салды. ИИМге Мамлекеттик коопсуздук кызматы кайрылган. Мыйзамдарга ылайык, журналист бир айдын ичинде тиешелүү органдарга кайрылып, бул чечимге каршы даттана алат.

Ушул айдын башында Коростелёвдин түз эфирдеги сөзүнөн кийин Латвиянын Мамлекеттик коопсуздук кызматы "телеканал орус армиясына жардам көрсөтүп жатат" деген шек менен иликтөө баштаган.

Коростелёв эфир маалында көрөрмандардан Украинадагы согушка мобилизация кылуу учурундагы мыйзам бузуулар жөнүндө кабарлоону суранып, фронттогу аскерлерге жардам берүү өңүтүндө сүйлөгөн.

Көп өтпөй телеканал бул үчүн кечирип сурап, алып баруучунун сөздөрү эфирден алып салынганын, Коростелёв менен кызматташуу токтотулганын билдирген. Журналист өзү түз эфирде жаңылганын "каналга көйгөй жаратпоо үчүн иштен кетүүгө даяр" экенин айткан. Аны колдогон үч кесиптеши да иштен кеткен.

Ушул апта башында Латвияда “Дождь” телеканалынын лицензиясы улуттук коопсуздукка келтирилген коркунучка байланыштуу деген негизде жокко чыгарылган.

Өткөн жумада аннексияланган Крым Орусиянын бир бөлүгү катары сүрөттөлгөн картаны көрсөткөнү жана орус армиясына карата “биздики” деген сөздү колдонгону үчүн аталган кеңеш “Дождь” каналына 10 миң евро айып салган.

Эстония менен Литва да коңшу Латвиянын артынан "Дождь" телеканалын трансляция кылууну токтоткон.

Телеканал 2008-жылы Москвада түптөлгөн. 2014-жылы Ленинград блокадасына байланышкан сурамжылоодон кийин көпчүлүк спутник жана кабелдик операторлор каналды тизмеден алып салышкан. 2021-жылы "Дождь" телеканалы "чет элдик агенттердин" тизмесине кошулган.

2022-жылы Орусия Украинага басып киргенден көп өтпөй, орус бийликтери каналды бөгөттөгөн. Июнь айында телеканал Латвияда лицензия алган. Согуштан кийин Орусиядан эки жүздөн ашуун журналист Латвияга көчкөн.

XS
SM
MD
LG