Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын айрым мүчөлөрү Жогорку Кеңешке кызматка мыйзамсыз алынганына байланыштуу кылмыш ишин козгоп, териштирүү жүргүзгөнүн бүгүн 1-декабрда мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, партиянын парламенттеги фракциясынын лидеринин кеңешчиси менен жардамчысынын жана катчылыгынын экспертинин “Эмгек китепчесинен” жалган маалыматтар аныкталган.
Кылмыш иши “жасалма документ колдонуу” беренесинин негизинде козголуп, биринчиси Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен, калган экөө өз арызы менен иштен кетишкени маалымдалды.
“Азаттык” бул боюнча комментарий алуу үчүн партия лидерине жана фракциянын катчылыгына телефондон кайрылып, байланышка чыга алган жок. (RK)
Дагы караңыз
Үч тараптуу "газ биримдиги": Москванын көздөгөнү эмне?Кыргыз коомунун кубаныч-кайгысын тарткан ТатьянаКатар-2022: Аргентина 1/8 финалга чыктыӨКМ Бишкек-Ош автоунаа жолундагы кар көчкү коркунучун эскертти