Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:51

Катар-2022: Аргентина 1/8 финалга чыкты


Аргентина курама командасынын чабуулчусу Лионел Месси.
Аргентина курама командасынын чабуулчусу Лионел Месси.

Дүйнөлүк футбол чемпионатында кечээ D жана C тобундагы жыйынтыктоочу беттештер өтүп, төрт курама команда плей-офф баскычына чыкты.

D тобунда буга чейин эки оюнду катары менен уткан Франция акыркы айлампада Туниске утулуп (1:0) калды. Дидье Дешам команданын экинчи курамын чыгарды. Бирок Тунис баардык күчүн жумшап, оюндун 58-минутасында Вахби Хазри эсепти ачты. Ошондон кийин Дешам талаага мыкты оюнчуларын биринен сала бирин чыгара баштады. Мбаппе, Гризманн, Усман Дембелле оюнга аралашты. Тунисттин дарбазасы кайра-кайра камоолго алынып, кошумча минутта Антуан Гризманн киргизген топ VAR системасынан кийин жокко чыгарылды.

Ошентип, Тунис өз тарыхында биринчи ирет Францияны, болгондо дагы дүйнө чемпионун утуп алды. Ага карабай Тунис кийинки баскычка чыккан жок.

Себеби ушул эле тайпадагы Австралия Данияны жеңди. Дания көп жылдардан бери биринчи жолу 1/8 финалдык бөлүккө өтө албай калды.

C тобунда буга чейин бир оюнду утуп, бирөөндө тең чыккан Польша Аргентина менен беттешти. Ошол эле мүнөттөрдө бул тайпадагы Мексика менен Сауд Арабиясы күч сынашты. Бул төрт командада да кимиси кайсы орун менен кийинки 1/8 финалга өтөт деген суроо акыркы минуттарда гана чечилди.

Аргентиналыктар Польшанын дарбазасын кайра-кайра камоолго алды. Лионел Месси катышкан 38-минуттагы чабуулдун жыйынтыгы менен калыс он бир метрлик айып тобун коюп берди. Бирок Мессинин тепкен тобун Войчех Шченсны тосуп алды. Акыры аргентиналыктар анын дарбазасына эки топ киргизди. Алексис Маккалистер менен Хулиан Альварес өз командасынын каармандарына айланды.

Польша утулуп жаткан маалда Катардын башка стадионунда Мексика кийинки финалдык бөлүккө чыгууга жан талашып жаткан. Анткени утулуп жаткан Польша менен Мексиканын мүмкүнчүлүктөрү дээрлик бирдей болчу. Мексикалыктар оюндун акырына чейин арабдарды 2:0 менен утуп жаткан. Бирок оюндун соңунда бир топ өткөрүп жиберип, ошону менен Польша кийинки баскычка өттү.

Ошентип 1\8 финалдык бөлүктө өз тайпасында биринчи орунду алган Аргентина D тобунан экинчи орун менен чыккан Австралия менен беттешет. Ал эми биринчи орунду өз тайпасында камсыздаган Франция Польша менен ойномокчу.

Бүгүн, 1-декабрда кечинде төрт оюн болот. Эң кызыгы Бельгия менен Хорватия беттеши. Бельгия акыркы оюнду Мароккого 2:0 менен уттуруп коюп, кийинки айлампага чыгуу мүмкүнчүлүгүн оорлоштуруп алган. Хорватияны утса гана 1\8 баскычка чыга алат. Марокко канадалыктар менен ойнойт. Алардын тайпадан биринчи орун менен чыгуу мүмүнчүлүгү жогору.

Германия бүгүн Коста-Рика менен беттешет. Бул тайпада азыр алдыңкы эки орунда турган Испания менен Жапония өз ара күч сынашат. (KO)

XS
SM
MD
LG