Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:20

ӨКМ Бишкек-Ош автоунаа жолундагы кар көчкү коркунучун эскертти


Бишкек-Ош автоунаа жолу, Төө-Ашуу.
Бишкек-Ош автоунаа жолу, Төө-Ашуу.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 1-2-декабрда катуу жааган жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү коркунучу жаралганын эскертти.

Аталган министрликтин басма сөз кызматы бүгүн, 1-декабрда тараткан маалыматка ылайык Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымында жайгашкан Төө-Ашуу ашуусунда, 198-231-чакырымындагы Ала-Бел ашуусу менен Чычкан капчыгайында кар көчкү коркунучу бар.

Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Айдоочуларга 500 метр аралыкты сактоо, коопсуздук талаптарын аткаруу, машинеде күрөк, медициналык биринчи жардам көрсөтүүчү каражаттарды кошо алып жүрүү эскертилди.

"Кыргызгидромет" өлкөнүн тоолуу аймактарында жана тоо этектеринде кар жаайт деп кабарлаган.

Бишкек-Ош автоунаа жолу баш калааны Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас облустары менен байланыштырат. (BCh)

XS
SM
MD
LG