Ишкер аялдарды колдоо декадасы өттү

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда ишкер аялдарга колдоо көрсөтүү максатында уюштурулган атайын декада жыйынтыкталды. Аялдардын укугун коргоо, аларга жардам берүү менен алектенген уюмдар 9-19-ноябрь күндөрү Бишкек, Баткен, Жалал-Абад, Ош шаарларында жана онлайн платформаларда бизнесте алгачкы кадамдарын жасап жаткан жана тажрыйбалуу ишкер кыз-келиндерге кеп-кеңешин беришти.

Аларга юридикалык жана каржылык сабаттуулукту жакшыртуу боюнча сабактар өткөрүлүп, маалымат берилгенин иш-чаранын уюштуруучусу – “Демилгелүү айымдар” коалициясынын төрайымы Айнура Сагымбаева билдирди.

Анын айтымында, коалиция былтыр жыл соңунда түзүлгөн:

“Бул коалициянын алкагында түрдүү багыттагы 28 бизнес-ассоциация, зомбулукка каршы бейөкмөт уюмдар, эксперттер биригүүгө жетиштик. Кыргызстан үчүн бул чоң сыймык, жетишкендик жана максат. 28 уюм – 45 миңден ашык киши. Баарыбыз биригип, ишкер айымдарды колдойлу, алардын көйгөйлөрүн азайталы, окуталы жана чогулалы дедик. 2023-жылдан тартып экономиканы өнүктүрүүгө алыбыз жана мүмкүнчүлүгүбүз бар”.

Ишкер аялдарды колдоо боюнча 2022-2026-жылдарга эсептелген мамлекеттик программа уланып жатканын Экономика жана коммерция министрлиги билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, аталган программанын алкагында ишкер аялдар 300 миң сомго чейинки насыяны 6% жеңилдетилген үстөк менен ала алышат, бул үчүн донорлор 500 миң доллар бөлүп беришкен.

Расмий статистика боюнча, Кыргызстанда аялдар менен эркектердин саны дээрлик бирдей. Аялдардын 64% айыл жергесинде жашайт. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, аялдар ишкер эркектерге караганда 15% көбүрөөк киреше табат, чыгымы азыраак болот, алардын 80% “жашыл технологияларга” көбүрөөк басым жасап иштешет, кирешеге караганда туруктуулукка көбүрөөк көңүл бурушат. (RK)

Дагы караңыз

Кумарканага келе турган чет элдиктер үчүн виза талабын жоюу сунушталдыАмангелдиев: Кытайга Кыргызстан аркылуу өтчү түркмөн газ куурун салуу баштала элекСузакта киши колдуу болгон кыздын жакындары жол тосуштуОксфорд сөздүгү англисче-казакча жарык көрөт