Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:37

Оксфорд сөздүгү англисче-казакча жарык көрөт


Оксфорд сөздүгү.
Оксфорд сөздүгү.

Жер планетасы өз алдынча климатты калыбына келтире алары белгилүү болду. Окумуштуулар отуруп иштөөнүн ордун канча сааттык машыгуу толтура аларын эсептеп чыгышты. Казакстанда англисче-казакча жана казакча-англисче Оксфорд сөздүгү жарык көрөт. “Азаттыкта” узаган аптадагы илим жаңылыктарынын топтому.

"Сөздүктү түзүүгө төрт жыл сарпталды"

Белгилүү Oxford University Press басмасы англисче-казакча сөздүгүн түзүүгө расмий уруксатын берди. Эми 60 миң сөздү камтыган 1300 бет Oxford Qazaq Dictionary сөздүгү жарык көрөт. Бул жөнүндө Казакстандын “Улуттук котормо бюросунун” аткаруучу директору Рауан Кенжехан Фейсбук баракчасына жазды.

“Сөздүк түзүүнүн алкагында казак жана англис тил лексикасындагы өзгөрүүлөр, айрыкча азыркы маданият, маалыматтык технологиялар, медицина, экономика, каржы жана соода тармактарындагы жаңылыктар эске алынды. Мындан улам, сөздүктө англис жана казак тилдеринин грамматикасы менен сүйлөө жана жазуу эрежелери түшүндүрүлгөн кыскача нускамалар, казак тилиндеги ишкерлик жана электрондук кат-кабар жазуу үлгүлөрү берилди”, - деп айтылат маалыматта.

Рауан Кенжехан “буга катар эле бул сөздүктүн негизинде казак тили Oxford Global Languages платформасына кошуларын, бул платформа дүйнөдөгү тандалган 100 тилдин лексикалык корун өз ара байланыштырып, орток ааламдык тил корпусун калыптандырууну көздөрүн” кошумчалаган.

Англисче-казакча жана казакча-англисче Оксфорд сөздүгүн түзүүнү Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаевдин тапшырмасы менен аталган мекеме ишке ашырган. Сөздүктү түзүүгө төрт жыл сарпталып, эки тилдин лексикасы менен алектенген 50дөн ашуун адис катышкан. Сөздүк Оксфорд англис сөздүгүнүн үлгүсүнө ылайык даярдалган.

Өз климатын өзү жөндөгөн Жер

Массачусетс технологиялык институтунун (MIT) окумуштуулары Жердин 66 миллион жылдык тарыхын камтыган жер кыртыштарын жана геологиялык пробаларды, мөңгүлөрдүн үлгүлөрүн анализдеп чыгып, Жердин климаттык картасын түзүп көрүштү. Бул изилдөө Жер бериндеги климаттык өзгөрүүнүн эволюциясын түшүнүүгө жардам бермек.

Чогулган геологиялык маалыматты анализдөөнүн натыйжасында, Жер бети өзүнүн температурасын биологиялык жашоого ылайыктуу шартта кармап турууга жөндөмдүү экени ырасталды. Өз температурасын жөндөөнүн мөөнөтү 100 миң жылды камтышы мүмкүн. Бул мезгил аралыгында Жер бетинде ар кандай табигый жана космостук кырсыктар болуп т жана Жердин кандайдыр бир механизми баарын ордуна кайтарып, климатты нормалдаштырып турган.

Бирок окумуштуулар мындай кубулуштун келип чыгышын жана табиятын толук түшүндүрүп бере алыша элек. Ошентсе да, алар Жердин өзүн-өзү жөндөй алган механизминин аркасында азыркы климаттын өзгөрүшү кайсы бир мезгилде кайра ордуна келерин, бирок ага жүз миң жылдар керектелерин белгилешет.

Отуруп иштөөнү канча машыгуу компенсациялайт?

Бир орунда жылбай, отуруп иштөөнүн терс таасири жөнүндө көп айтылганы менен, анын ордун кайра толтуруу тууралуу изилдөөлөр дээрлик жокко эсе. Австралиядагы Сидней университетинин окумуштуулары күн сайын 30-40 мүнөттүк спорт менен алектенүү 10 сааттык отуруп иштөөнүн ордун толтурарын эсептеп чыгышты.

Мындай жыйынтыкка келүүдөн мурда окумуштуулар 44 370 киши катышкан тогуз изилдөөнү анализдеп көрүшкөн. Ал эми физикалык активдүүлүккө байланыштуу маалыматты алар ыктыярчылар тагынып жүргөн фитнес-билериктерден алышкан. Анализ көрсөткөндөй, аз кыймылдап, отуруп иштеген адамдардын мезгилсиз каза табуу ыктымалдуулугу жогору. Бирок күн сайын 30-40 мүнөт машыгып туруу менен отуруп иштөөнүн терс кесепеттерин айланып өтүүгө болот.

Көп кыймылдуулукка үндөгөн окумуштуулар алдыда ден соолукка залака тийгизбей, канча убакыт отуруп иштесе болорун эсептеп чыгууга белсенип турушат.

XS
SM
MD
LG