Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:58

Амангелдиев: Кытайга Кыргызстан аркылуу өтчү түркмөн газ куурун салуу баштала элек


Данияр Амангелдиев.
Данияр Амангелдиев.

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Түркмөнстандан Тажикстан жана Кыргызстан аркылуу Кытайга газ жеткирүү иштери баштала электигин маалымдады. Ал 21-ноябрда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин жыйынында муну газдын баасына байланыштуу маселе чечилбей жатканы менен негиздеди.

"Түркмөнстандан Кытайга Тажикстан жана Кыргызстан аркылуу өтчү газ куурун куруу азыр токтоп турат. Анткени Түркмөнстан менен Кытайдын ортосундагы газ тууралуу маселе жана анын баасы чечиле элек. Биз аркылуу өтчү жол макулдашылган. Газ берчү тарап жана аны алган Кытай өз ара келише турган болсо, биздеги иштер башталат. Бирок азыр түркмөн тарап келишимдерге кол кое элек. Долбоор ошол бойдон турат",-деди министр.

Былтыр июнь айында президент Садыр Жапаров расмий сапар менен Түркмөнстанга барган. Анда тараптар кол койгон документтердин арасында күз-кыш мезгилинде Кыргызстанга түркмөн газы менен электр энергиясын жеткирүү тууралуу келишим болгон.

Түркмөнстандан арзан газ алуу буга чейин дагы бир канча жолу көтөрүлгөн жана анын бир жолу катары Кыргызстандын аймагы аркылуу өтчү Түркмөнстан-Кытай эл аралык газ кууру экени айтылган.

Түркмөн газын Кытайга Кыргызстан аркылуу ташуу тууралуу Бишкек менен Бээжин 2013-жылы сентябрда макулдашкан. Анда газ куурунун жалпы миң чакырымдай болору, анын 400 чакырымы Тажикстандын, ал эми калган 224 чакырымы Кыргызстандын, тактап айтканда, Чоң-Алай району аркылуу өтөрү айтылган.

2018-жылы Тажикстан өз аймагы аркылуу Кытайга газ ташыган куур тартыш үчүн 9,5 миң гектар жерин 49 жылга ижарага берген.

XS
SM
MD
LG