Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы (УКМК) Камчыбек Ташиев “Орто-Токой суу сактагычы Өзбекстанга өтүп кетти” деген маалыматтар жалган экенин айтты. Бул тууралуу ал 17-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
“Орто-Токой өтүп кетиптир” деген калп. Анын баары өзүбүздө калды. Биздин жерибиз, биздин плотина”, - деди Камчыбек Ташиев.
Орто-Токой суу сактагычы Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда, кыргыз-өзбек чек ара сызыгынан 13 чакырым ичкери жайгашкан. Маалымат боюнча, Орто-Токой Кыргызстандын 1,5 миң гектар, Өзбекстандын 28 миң гектар жерин сугарат.
Камчыбек Ташиев 2021-жылы суу сактагычтагы суунун 95% Өзбекстан колдонуп жатканын айткан.
17-ноябрда Жогорку Кеңеш Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимди жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу жөнүндө кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорун карап жатат. (BTo)
Дагы караңыз
Садыр Жапаров: Кемпир-Абаддын жерин кийин Өзбекстан менен алмашып алсак болот (видео)Кемпир-Абад иши: Мамбетжунус Абылов камакта калдыЖКда Министрлер кабинетинин бир катар мүчөлөрү ант беришти Улуттук банк валюта рыногуна 55 миллион 200 миң доллар сатты“Кемпир-Абадды коргоо комитети” депутаттарга кайрылдыКыргызстан-ЕБ кызматташтыгы боюнча келишим талкууландыШаардык сот Темировго каршы прокуратуранын апелляциялык арызын карайт