Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:39

Шаардык сот Темировго каршы прокуратуранын апелляциялык арызын карайт


Болот Темиров.
Болот Темиров.

17-ноябрда Бишкек шаардык соту иликтөөчү журналист Болот Темировго каршы Бишкектин Свердлов райондук прокуратурасынын апелляциялык арызын карайт. Соттук отурум саат 14:00дө болорун журналист Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Прокуратура “журналист Кыргызстандын чек арасын бир нече жолу мыйзамсыз кесип өткөнүн, анын иш бөлмөсүн тинтүү учурунда баңгизат табылганын” билдирүүдө.

Быйыл 28-сентябрда Бишкектин Свердлов райондук соту Болот Темировго маңзат боюнча коюлган айыпты негизсиз деп таап актаган. Алган паспорту менен чек арадан өткөнү мыйзамдуу болгонун билдирип, ал боюнча да актоо чечимин чыгарган. Сот документ жасалмалоо деген айып боюнча күнөөлүү деп таап, бирок жаза чегерген эмес.

Болот Темировду жана аны менен иштешкен төкмө акын Болот Назаровду милиция быйыл 23-январда кармап, чет жакка чыкпоо тууралуу тилкаттын негизинде кайра бошоткон.

Анын алдында Болот Темировдун “Ютубдагы” Temirov LIVE каналына жемкорлук тууралуу иликтөө жарыяланып, анда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы (УКМК) Камчыбек Ташиевдин аты аталган. Камчыбек Ташиев журналисттерге брифинг уюштуруп, иликтөөдөгү маалыматтарды четке каккан.

Темировго жана Назаровго карата иш алгач Кылмыш-жаза кодексинин “Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү, маңзатты мыйзамсыз даярдоо” беренеси менен козголгон. Журналисттин ишине кийин “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” жана “Документтердин жасалмасын жасоо” деген эки берене кошулган. (BTo)

XS
SM
MD
LG