Кемпир-Абад иши: Мамбетжунус Абылов камакта калды

Мамбетжунус Абылов.

17-ноябрда Бишкек шаардык соту “Кемпир-Абадды коргоо комитетинин” мүчөсү Мамбетжунус Абыловду камакта калтырды. 28-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту Абыловдун бөгөт чарасын карап, аны эки айга камакка алган. Шектүүнүн адвокаттары райондук соттун чечимине каршы арызданып, шаардык сот аны четке какты.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) ага “массалык башаламандык уюштурууга даярданган” деген шек менен кылмыш ишин козгогон.

Кыргызстанда Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы болгон “Кемпир-Абадды коргоо комитетинин” дээрлик бардык мүчөлөрү - 30га жакын саясатчы, активисттер “массалык башаламандык уюштурууга даярданган” деген шек менен камакта отурат. Алар муну саясий куугунтук катары баалап жатышат.

Акыйкатчы институту жапырт кармоолор учурундагы мыйзам бузуулар боюнча Башкы прокуратурага кайрылган, бир катар жергиликтүү жана эл аралык укук коргоо уюмдары, чет элдик элчиликтер кыргыз бийлигин камалгандарды бошотууга чакырган.

Бийлик кыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу чагымчылдар элге туура эмес маалымат берип жатканын билдирип келет. (BTo)

Дагы караңыз

Садыр Жапаров: Кемпир-Абаддын жерин кийин Өзбекстан менен алмашып алсак болот (видео)ЖКда Министрлер кабинетинин бир катар мүчөлөрү ант беришти Улуттук банк валюта рыногуна 55 миллион 200 миң доллар сатты“Кемпир-Абадды коргоо комитети” депутаттарга кайрылдыКыргызстан-ЕБ кызматташтыгы боюнча келишим талкууландыШаардык сот Темировго каршы прокуратуранын апелляциялык арызын карайт