Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Жозеп Боррель кызматташтык келишими боюнча маселени талкуулады. Андан тышкары Кыргызстандын жарандарын Евробиримдиктин өлкөлөрүндө ишке орноштуруу шарттарын, виза режимин жеңилдетүү маселелери да каралды. Кыргызстандын тышкы саясат мекемеси жолугушуу 15-ноябрда Брюсселде өткөнүн билдирди.
27-октябрда Астанада президент Садыр Жапаров Европа Кеңешинин башчысы Шарль Мишел менен жолугуп Кыргызстан менен Евробиримдиктин ортосундагы кызматташтык келишимине кол коюу жараянына даярдык маселесин талкуулаган.
Европадагы 27 өлкөнүн башын бириктирген Европа Биримдиги менен өнөктөштүк жана кызматташтык тууралуу макулдашууга Кыргызстан 1999-жылы кол койгон.
Макулдашууну жаңыртуу тууралуу сөздөр 2017-жылдан бери айтылып келатат. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жаңы келишимге кол коюлганы жатканы тууралуу маалыматты быйыл 13-апрелде да жарыялаган. Анда негизги басым саясий кызматташтыкка, соода-экономика жана инвестиция мамилелерине бурулары кабарланган. (RK)
Дагы караңыз
Парламент “Азаттыктын” журналисттеринин аккредитациясын убактылуу токтоттуG20 саммитинде жыйынтыктоочу декларация кабыл алындыЧек арада жаракат алган тажик аскери көз жумганы кабарланды Столтенберг: Польшадагы окуяда жоопкерчилик Москвага жүктөлөтЖалал-Абадда “Бирге көтөргөн жүк жеңил” фестивалы өттүПрезидент ЖКнын регламенти жөнүндө мыйзамга кол койдуӨзбекстан мигранттарга Украинадагы согушка барбоону дагы бир жолу эскертти