Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:48

Өзбекстан мигранттарга Украинадагы согушка барбоону дагы бир жолу эскертти


Орусиядагы өзбекстандык мигранттар. Архив сүрөт.
Орусиядагы өзбекстандык мигранттар. Архив сүрөт.

Өзбекстандын Сырткы эмгек миграциясы боюнча агенттиги Орусияда иштеп жүргөн жарандарын "Орусия-Украина жаңжалынын зонасына барбоого жана согуштук аракеттерге катышпоого" дагы бир жолу чакырды.

Агенттик өлкө мыйзамдарында "чет мамлекеттерде армияга, коопсуздук кызматтарына, полицияга, аскердик юстиция органдарына жалданган өзбекстандыктарды сот жообуна тартуу каралганын" эске салат.

Миграция кызматы өзбекстандыктарга согушка катышпоону бир нече ирет эскерткен. "Озодлик" белгилегендей, жаңы чакырык орус президенти Владимир Путиндин 14-ноябрдагы буйругуна байланыштуу жасалып жатат.

Буйрук чет элдик жарандарга Орусиянын куралдуу күчтөрүндө кызмат өтөөгө жол ачат.

"Озодлик" Орусияда иштеп жүргөн өзбек мигранттарына Украинадагы согушка катышуу үчүн чоң акча жана жарандыкты убада кылышканын бир нече жолу кабарлаган.

Августта Өзбекстандын Москвадагы элчилиги жарандарына кайрылып, ыктыярчы батальондоруна кирбөөгө үндөгөн. Бийликчил "Улуттук жаралуу" партиясы башка өлкөдө согушка катышкан өзбекстандыктарга жазаны катаалдаштырууну сунуш кылган эле.

XS
SM
MD
LG