Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:08

Столтенберг: Польшадагы окуяда жоопкерчилик Москвага жүктөлөт


Йенс Столтенберг. Брюссель, 16-ноябрь, 2022-жыл
Йенс Столтенберг. Брюссель, 16-ноябрь, 2022-жыл

Польшада эки кишинин өлүмүнө алып келген ракетанын жарылуусуна Украинанын абадан коргонуу системасы себеп болушу мүмкүн, бирок акыр-аягында ага мыйзамсыз согушту улантып жаткан Орусия жооптуу. Мындай билдирүүнү НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг 16-ноябрда Брюсселдеги маалымат жыйында жасады. Столтенберг альянстын чукул жыйынан кийин белгилегендей, алдын ала анализ ракета атайлап атылбаганын көргөздү, иликтөө уланууда.

Ал арада Польшанын президенти Анжей Дуда окуяны өлкөгө чабуул эмес, кырсык деп атады. Президенттин өкмөт жыйынында айткан сөздөрүн жергиликтүү Onet.pl басылмасы келтирет. Польшанын лидери да ракета, сыягы Украинанын абадан коргонуу системасына таандык болгонун, дүрмөт эмес, андагы отундун калдыктары жарылганын айтты.

Германиянын жана Британиянын лидерлери да Орусия Украинага басып кирбесе, мындай болбойт эле деген мааниде билдирүү жасашты.

Польшанын аймагына ракета тийгени 15-ноябрдын кечинде Орусия украин аймагын тынымсыз аткылаган учурда белгилүү болгон. Бир катар агенттиктер орусиялык ракета Польшанын чек арасынан өтүп, айыл чарба фермасына кулаганын маалымдаган. Украина жана НАТОнун айрым мүчөлөрү да орус ракетасы тууралуу маалыматтарды тараткан.

Орусиянын Коргоо министрлиги өз аскерлери украин-поляк чек арасына жакын жерге сокку урбаганын билдирди жана ракетага байланышкан маалыматтарды чагым деп атады.

15-ноябрда Орусия согуш башталгандан бери эң масштабдуу ракета чабуулдарын ишке ашырды. Украинанын аймактарына 100 чакты ракета атылган. Анын ичинде Польша менен чектешкен Львов облусу да бутага алынган. Соккулардан бир киши мерт кетти, алтоо жаракат алды, 7 миллиондой кожолук электр жарыгысыз калды.

XS
SM
MD
LG