Бишкек-Нарын-Торугарт жолундагы Боом капчыгайында болгон жол кырсыгынан ырчы Бекжан Темиркан каза тапты.
Кырсык 10-ноябрда түнкү саат 22:30 чамасында катталган.
Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалыматына караганда айдоочу бараткан автоунаа жолдон чыгып, бийиктиктен кулап түшкөн.
Автоунаанын айдоочусу жараат алып, Кемин райондук ооруканасына жеткирилген. Анын жүргүнчүсү - 27 жаштагы Бекжан Темиркан ошол жерден жан берген.
Учурда жол кырсыгынын себептери иликтенип жатат.
Бекжан Темиркан "Кантем", "Эзилип бүттүм" жана башка ырлары менен белгилүү болчу. Социалдык тармактарда жакындары анын жакында эле үйлөнгөнүн жазышууда.
ИИМдин маалымдашынча, 2021-жылдан 2022-жылдын 1-сентябрына чейин Кыргызстанда 11 722 жол кырсыгы катталган. Андан 1 247 адам мерт болгон. 18 миңден ашуун адам түрдүү жараат алган.
Жол кырсыгынан каза болгондордун 70% ашууну 25-40 жаштагы жарандар.(ZKo)
Дагы караңыз
Кыргыз-өзбек чек арасы: ЖК келишимди ратификацияладыЗеленский дагы 41 калктуу конуш бошотулганын маалымдадыКемпир-Абад маселеси: Активист Эрлан Бекчоро уулу камакта калды Армияда дагы бир жоокер каза болду "Кыргызстандын жетишкендиги – эркин медиасы жана жигердүү жарандык коому"