Бишкек шаардык соту бүгүн, 10-ноябрда "Жапырт башаламандык уюштурууга даярданды" деген шек менен камалган "Ата Мекен" партиясынын мүчөсү, активист Перизат Суранова менен саясатчы Кубанычбек Кадыровдун бөгөт чарасын карап, мурдагы инстанциянын чечимин күчүндө калтырды. Буга чейин алар Биринчи май райондук сотунун чечими менен эки айга, 20-декабрга чейин №1 убактылуу тергөө абагына (СИЗО-1) камалган.
Мунун алдында сот алардын кармалышын мыйзамдуу деп тапкан.
Мамлекеттик айыптоочу биринчи инстанциянын шектүүлөрдү камакта калтыруу чечимин күчүндө калтырууну өтүндү.
Бишкек шаардык соту бүгүн, 10-ноябрда массалык башаламандык уюштурууга айыпталып эки айга камалган саясатчылар менен активисттердин айрымдарынын бөгөт чарасын карады. Бардыгынын буга чейинки чечимдери өзгөргөн жок.
23-октябрда "массалык башаламандык уюштуруу" беренеси менен кармалгандар өздөрүнө коюлган айыпка макул эместигин айтып келет.
Алардын бөгөт чарасын кароо 11-ноябрда да уланат.
Саясатчы Азимбек Бекназаров жана ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыккан Талант Эшалиев шаардык сотко апелляциялык арыз жазган эмес. (КЕ/TSh)
Дагы караңыз
Сот Клара Сооронкулова менен Акылбек Айтбаевди камакта калтырдыЭлектр энергиясын убактылуу чектөөнүн себеби айтылдыКазак жана өзбек президенттери таасирдүү мусулмандардын тизмесине кирдиПутин Балидеги G20 саммитине барбайт