Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:17

Путин Балидеги G20 саммитине барбайт


Владимир Путин
Владимир Путин

Орусиянын президенти Владимир Путин Индонезиянын Бали аралында 15-16-ноябрда өтчү G20 саммитине катышпайт. Бул тууралуу бейшемби күнү Reuters агенттигине Индонезия өкмөтүнүн өкүлү билдирип, аны Орусиянын ошол өлкөдөгү элчилиги тастыктады. Эки тарап тең Путин саммиттин алкагындагы жолугушуулардын бирине онлайн режиминде катышышы мүмкүн экенин айтышты.

Саммитке Орусиянын атынан тышкы иштер министри Сергей Лавров катышарын 10-ноябрда ТАСС агенттигине президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.

Муну алдында орусиялык делегация саммитке келбей калышы мүмкүн деген маалымат тараган. Индонезиянын деңиз иштери жана инвестиция министринин басма сөз катчысы Жоди Махарди Reuters агенттигине кабарлагандай, Владимир Путин иш-чарага катышуудан баш тарткан, ал эми тышкы иштер министри Сергей Лавров видеобайланышта катышуу ниетин билдирген.

Июль айында Балиде өткөн Чоң жыйырманын тышкы иштер министрлеринин конференциясында Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров изоляцияда калып, жыйындан мөөнөтүнөн мурда чыгып кеткен.

Дүйнөдөгү экономикасы кубаттуу жыйырма өлкөдөн турган G20 тобунда АКШ, Орусия, Франция, Кытай, Индия, Жапония, Мексика жана башка мамлекеттер бар.

XS
SM
MD
LG