Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:21

Казак жана өзбек президенттери таасирдүү мусулмандардын тизмесине кирди


Токаев жана Мирзиёев
Токаев жана Мирзиёев

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев дүйнөдөгү таасирдүү 500 мусулмандын тизмесине кирди.

Омандагы падышалыктын Ислам стратегиялык изилдөөлөр борбору 2023-жылга карата рейтингди жарыялады. Токаев менен Мирзиёев бул тизмеге алгачкы ирет кошулду.

Аталган борбор 2009-жылдан бери чыгарып келаткан рейтингге Ислам дүйнөсүндө же мусулмандар үчүн маанилүү маданий, идеологиялык, каржылык, саясий өзгөрүүлөрдү жасоого жөндөмдүү инсандар киргизилет.

Токаевдин тизмеге кошулушуна Казакстандагы саясий реформалар, борбор калаага кайрадан Астана деген аталыштын кайтарылышы өңдүү мисалдар келтирилген.

Мирзиёевдин кошуна өлкөлөр, АКШ, Кытай жана Орусия менен жакшы мамиле орноткону, коопсуздук кызматынын ыйгарым укуктары чектелип, тышкы соода жана инвестицияга көңүл буруп жатканы белгиленген.

Тизмеде Өзбекстандын Мусулмандар башкармалыгынын мурдагы жетекчиси, маркум Усманхан Алимов да бар. Ал рейтингге буга чейин да 11 жолу кошулган.

Андан тышкары, рейтингге Азербайжандын президенти Илхам Алиев да кирген.

Эң таасирдүү мусулмандардын алгачкы бештигине Сауд Арабиянын падышасы Салман бин Абдулазиз ал Сауд, Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаманеи, Катар амири шейх Тамим бин Хамад ал Тани, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жана Иордания падышасы Абдулла II ибн ал Хусейн киргизилди.

XS
SM
MD
LG