Диний ишенимден улам эмдөөдөн баш тарткандар азайганы кабарланды

Иллюстрациялык сүрөт.

Балдарын эмдетүүдөн баш тарткан жарандардын саны 50% чейин кыскарганы кабарланды. Бул тууралуу республикалык иммуннопрофилактика борборунун жетекчиси Гүлбара Ишенапысова бүгүн, 9-ноябрда маалымат жыйында билдирди.

"2016-жылы диний ишеними боюнча балдарын эмдетүүдөн баш тарткан жарандардын саны 70% чейин өскөн. 2021-жылкы көрсөткүч боюнча эмдөөдөн баш тарткандар 50% чейин түштү. Бул диний мекемелер менен чогуу жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы", - деди ал.

Адистин айтымында, акыркы жылдары диний ишениминен эмес, вакцинанын коопсуздугунан чочулап, балдарын эмдетүүдөн баш тарткандар көбөйүүдө. Булардын ичинде 10% ички мигранттар, алар маалыматы жоктугунан улам эмдөөдөн баш тартышкан.

Республикалык иммуннопрофилактика борборунун маалыматына караганда жыл сайын балдарын эмдетүүдөн баш тарткан учурлар 8 миңге чамалайт.(ZKo)

Дагы караңыз

Коомдук тамактануучу жайларда уулангандар көбөйдүШаардык сот Кемпир-Абад иши боюнча кармоолорду мыйзамдуу деп таптыБорбор Азиянын автократтары жана алардын "куурчак талапкерлери"Кемпир-Абад иши: сот чечими өзгөргөн жокБишкекте ижарага берилген жерлерге кабаттуу үйлөр курулган