Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:25

Бишкекте ижарага берилген жерлерге кабаттуу үйлөр курулган


Бишкек шаары.
Бишкек шаары.

Бишкек шаарында убактылуу пайдаланууга берилген жерлерге 2,5 миңден ашуун кабаттуу үйлөр мыйзамсыз курулган.

Бул тууралуу шаар мэринин орун басары Нурдан Орунтаев бүгүн, 9-ноябрда шаардык кеңештин отурумунда билдирди. Ушундан улам мэрия бул жерлерди менчикке сатып алуунун жол-жобосун өзгөртүүнү сунуштап жатат.

Вице-мэрдин айтуусунда курулуш компаниялары үйдү пайдаланууга бергенден кийин жер тилкесин Турак жай менчик ээлеринин шериктигине (ТСЖ) өткөрүп берүүгө тийиш.

"Алар бул жерлерди сатып албагандан кийин, аны ТСЖга да өткөрүп бере албайт. Анда жашаган жарандар укуктарынан толук пайдалана албайт. Ошондуктан, биз компанияларга жерди сатып алууну сунуштап жатабыз. Ар бир жер тилкеси өзүнчө бааланат. Биздин эсеп боюнча бул жерлерди сатуудан бюджетке 200 млн. сомдон ашуун каражат түшөт", - деди Орунтаев.

Вице-мэрдин айтуусунда бүгүнкү күнгө чейин жерди сатып алуу өтүнүчү менен Муниципалдык менчик башкармалыгына курулуш компаниялардан 50 өтүнүч келип түшкөн.

Бишкек шаарындагы башаламан, мыйзамсыз курулуштарды иликтөө үчүн быйыл апрель айында Жогорку Кеңеш депутаттык комиссия түзгөн. Парламент комиссиянын ишин кийинки жылдын февралына чейин узартуу чечимин 2-ноябрдагы сессиясында кабыл алган.

Соңку жылдары Бишкекте менчик курулуш компанияларынын иши активдешүүдө. Алардын айрымдары көп кабаттуу үйлөрдү уруксаты жок жерлерге куруп жатканы тууралуу маселе коомчулукта талкууланып келет. Баш калаанын деталдык пландоо долбоору (ДПД) боюнча да маселе көтөрүлүп жүрөт.

Адистердин айтымында, Бишкектин 2006-жылы кабыл алынган башкы планы боюнча шаарда бир адамга 25 чарчы метр жашыл аймак туура келиши керек, азыр бул көрсөткүч төрт гана чарчы метрди түзүүдө.(ZKo)

XS
SM
MD
LG