Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:39

Коомдук тамактануучу жайларда уулангандар көбөйдү


Быйылкы жылы тогуз айда Кыргызстанда коомдук тамактануучу жайлардан тамак-ашка ууланган 69 учур катталды. Андан 387 адам ууланган.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары, башкы санитардык врач Бүбүжан Арыкбаева бүгүн, 9-ноябрда маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтуусунда коомдук тамактануучу жайлардан тамак-ашка уулангандар жалпы уулангандардын 50-60% түзүп келсе, акыркы убакта бул көрсөткүч дээрлик 90% жетти.

Арыкбаеванын маалымдашынча, 2020-жылы тамак-ашка ууланган 190 учур катталып, андан 267 адам жабыркаган. 2021-жылы 93 учур катталып, андан 569 адам жабыркаган.

Жалпы 1900 коомдук тамактануучу жайга министрликке караштуу Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору тарабынан текшерүү жүргүзүлгөн. Анын ичинен 18 ашканага ишин улантууга тыюу салынып, үч коомдук тамактануучу жайдын иши милицияга өткөрүлүп берилди.

Быйыл Кыргызстанда тамак-ашка ууланган учурлар арбын катталды. 30-июлда Кадамжай шаарындагы "Алмаз" кафесиндеги тойго барган 250 кишинин 108и ууланган. Июнь айында Жалал-Абад шаарында төрт күндө "Ага-ини" жана "Таж-махал" тез татым жайларынын шаурмаларына 70тен ашуун адам ууланган. Алардын элүүдөн ашууну ооруканага түшкөн. (ZKo)

XS
SM
MD
LG