Талас шаарындагы Райкан Алканов атындагы ат майданда өткөн көк бөрү боюнча Кыргызстандын чемпионатында чоңдор арасында Талас облусунун командасы жеңүүчү аталды. Экинчи орунга Чүй, үчүнчү орунга Ош облусунун командасы ээ болду. Бул тууралуу Көк бөрү федерациясы маалымдады.
Жаштар арасындагы мелдештин финалында Чүй жана Нарын командалары беттешип, 7:0 эсебинде Чүй командасы жеңишке ээ болгон.
26-октябрдан 30-октябрга чейин өткөрүлгөн көк бөрү боюнча өлкө чемпионатында жети облустан чоңдор жана жаштар арасында 14 команда катышты. Биринчи жолу ар бир облустун жаштар командаларынын мелдеши өткөрүлдү.
Мелдештин жалпы байге фонду 1 млн. сомду түзгөн. (MKt)
Дагы караңыз
Ноокенде адам өлтүрүүгө шек саналып беш жаран кармалдыӨзбекстандан алынган жер семирткич пайдаланылбай калганы белгилүү болду Кыргызстан укук үстөмдүгү боюнча рейтингде 100-орунга түштүДыйкан-фермерлерге жеңилдетилген насыянын теңине жакыны гана берилди Эл жазуучусу Кубатбек Жусубалиевдин 80 жылдыгына арналган иш-чаралар өтүүдө