Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:40

Кыргызстан укук үстөмдүгү боюнча рейтингде 100-орунга түштү


Эл аралык "Дүйнөдөгү адилеттик долбоору" (World Justice Project) уюмунун мыйзам үстөмдүгү жана укук багытындагы рейтингинде Кыргызстан былтыркыдан бир позиция артка жылып, 0,46 балл менен 100-орунду ээледи. Жалпы 140 өлкө камтылган баяндамада Беларус 99-орунда, Танзания - 98, Того - 101-орунда экени көрсөтүлгөн.

Алардын ичинен Казакстан былтыркыга салыштырмалуу бир позицияга жогорулап, 65-орунга чыкты. Украина эки позицияда төмөндөп, 76-орунга түшсө, Орусия 0,45 балл менен 107-катарга коюлган жаны былтыркыга салыштырмалуу алты позицияга төмөндөгөн. Өзбекстан былтыркыга салыштырганда жети орунга алдыга чыгып, 78-катарда жайгашкан.

Алдыңкы беш өлкөгө - Дания, Норвегия, Финляндия, Нидерланд жана Швеция кирген.


Укук үстөмдүгү көрсөткүчү 2010-жылдан тарта чыгарыла баштаган. Анда мамлекеттердеги бийлик институттарынын ыйгарым укуктарынын чектелиши, коррупция деңгээли, тартип жана коопсуздук, негизги укуктардын корголушу, бийлик институттарынын ачыктыгы, мыйзамдардын аткарылышы, жарандык жана кылмыш иштериндеги сот акыйкаттыгы боюнча дүйнө өлкөлөрүнүн жетишкендиктери өлчөнөт.

Укук үстөмдүгүнүн негизги принциптери - бийликтин бөлүнүшү, жеке эркиндикти жана ар-намысты коргоо болуп эсептелет.

World Justice Project 2022-жылы 140 өлкөнүн мыйзам үстөмдүгү индексине баа берген. Анда көпчүлүк өлкөлөрдө бешинчи жыл катары менен абал төмөндөгөнү белгиленген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG