Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:38

Өзбекстандан алынган жер семирткич пайдаланылбай калганы белгилүү болду


Жазында Кыргызстанда жер семирткичтин баасы эки эсе кымбаттап кеткен.
Жазында Кыргызстанда жер семирткичтин баасы эки эсе кымбаттап кеткен.

Жогорку Кеңештеги Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинин жыйынында быйыл жазында Өзбекстандан сатылып алынган жер семирткичтин пайдаланылбай калганына байланыштуу маселе көтөрүлдү. Комитеттин төрагасы, депутат Аманкан Кенжебаев беш миң тонна жер семирткич жарым жылдан бери Материалдык резервдер фондуна сакталып турганын сынга алды. Ошондой эле, өкмөт жер семирткич сатып алуу үчүн Өзбекстанга которгон акчанын калганын алып келе албай жатканын билдирди.

"Өзбекстанда азыр 733 миллион сом турат. Бул 9 миллион доллар болот. Акча жарым жылдан бери Өзбекстанда жатат. Жалпысынан 20 миң тонна жер семирткичке акча которгонбуз. Болгону 233 миллион сомго Өзбекстандан беш миң тонна жер семирткич келген. Жер семирткичти сактоо мөөнөтү жарым жыл. Селитра Өзбекстандан 3-апрель күнү алынып келиптир, мына жетинчи айга кетти, 233 миллион сом эми жок болду. Бул эмне мамлекетке чыккынчылыкпы, же каршылыкпы? Эмне үчүн буга чейин каралган эмес? Ошону кармап турбай баасын түшүрүп сатсак болбойт беле?" - деди Кенжебаев.

Жыйында өкмөт өкүлдөрү Өзбекстандан алынып келген жер семирткичтин баасы жогору болгондуктан сатылбай калганын, буга байланыштуу өкмөттүн тескемеси даярдалып жатканын билдиришти.

Быйыл өкмөт жер семирткич алып келүү үчүн бюджеттен 1 миллиард сом бөлгөн. Жазында селитранын баасы эки эсе кымбаттап кеткен. Анда жеке компаниялар алып келген жер семирткичтин дүң баасы 38 сом болсо, өкмөт алып келген жер семирткичтердики 46,7 сомдон сатылган. Мындан улам аткезчилик күчөгөн учурлар дагы орун алган.

Айыл чарба министрлиги 2022-жылы Кыргызстанга 276 миң тонна минералдык жер семирткич керектелерин эсептеп чыккан. Мунун 155 миң тоннасын аммиак селитрасы менен карбамид, 103 миң тоннасын фосфор жана 19 миң тоннасын калий түзөт.

XS
SM
MD
LG