Ноокенде адам өлтүрүүгө шек саналып беш жаран кармалды

Ноокен.

Ноокен райондук ички иштер бөлүмү мыкаачылык менен адам өлтүрүүгө шек саналып, беш жаран кармалганын билдирди.

26-октябрда саат 15:00 чамасында милицияга Бишкек-Ош жолунун 488-чакырымында Достук айыл аймагынын Кең-Сай айылына баруучу жолдо азиат түспөлүндөгү эркек кишинин сөөгү жатканы тууралуу кабар түшкөн.

Райондук милиция ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерде колу-буту байланган сөөктү тапканын, андан киши колдуу болгон белгилер аныкталганын маалымдаган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 7-бөлүгү ("Өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү") боюнча кылмыш иши козголгон. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө киши колдуу болгон адам Өзбекстандын Наманган облусунун 38 жаштагы тургуну экени аныкталган.

Кылмышка шектүү катары Шамалды-Сай шаарчасынын 1987, 91, 93-жылдары туулган беш тургуну кармалган. Тергөөнүн жүрүшүндө окуя кызганычтан улам чыкканы аныкталганы, шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилгени айтылды. (TB)

Дагы караңыз

Өзбекстандан алынган жер семирткич пайдаланылбай калганы белгилүү болду Кыргызстан укук үстөмдүгү боюнча рейтингде 100-орунга түштүДыйкан-фермерлерге жеңилдетилген насыянын теңине жакыны гана берилди Эл жазуучусу Кубатбек Жусубалиевдин 80 жылдыгына арналган иш-чаралар өтүүдө