АКШ Украинага 275 млн. долларлык аскердик жардам берди

HIMARS системасындагы ракеталар.

Вашингтон Украинага кезектеги жардам көрсөтүүнүн алкагында 275 млн. долларлык аскердик техникаларды жана жабдууларды берди. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик департаменти менен Коргоо министрлиги 28-октябрда кабарлады.

Аскердик жардамдын бул жолку пакетинде HIMARS системалары үчүн ракеталар, танктардын миналарына каршы 2 миң снаряд, бир катар курал-жарак жана жабдуулар бар.

"Биз берген аскердик системаларынын көбү согуштук аракеттерге түз таасирин тийгизет. Биз Украинага HIMARS тутумундагы ракетаны көп берип жатабыз", - деди Пентагондун өкүлү Сабрина Синх.

Жардам Украина армиясынын курал-жарак запасын толуктоого багытталган. Анын алкагында берилген спутник байланыш системалары да бар. Бул каражаттар Орусия Украинанын инфратүзүмүн талкалап салса, байланышуу үчүн зарыл болору белгиленген.

2022-жылдын башынан бери АКШ Украинага 50 миллиард доллардан ашык каражат бөлгөн, анын дээрлик 27 миллиард доллары түздөн-түз аскерий муктаждыктар үчүн берилген.

Буга чейин АКШ, Европа өлкөлөрү, Жапония жана Австралия Украинага миллиарддаган долларга аскердик, каржылык жана гуманитардык жардам көрсөткөн. Украинага жардам берүү жагынан АКШдан кийин Улуу Британия, Германия, Канада жана Польша турат.

Орусия Батыш өлкөлөрүнүн Украинага көрсөткөн жардамы боюнча бир нече жолу комментарий берген. Алардын пикири боюнча, Украинага курал жеткирүү менен НАТО “от менен ойноп жатат” жана мындай мыйзамдардын кабыл алынышы “тескери таасирин тийгизет”. Ошондой эле Орусия Украинага курал-жарак жеткирип жаткандыктан, АКШ баш болгон бир катар өлкөлөргө мындай аракеттерди айыптаган нота жөнөткөн.

Дагы караңыз

Илгиз Шаменов 20-декабрга чейин камалганы кабарландыЕвробиримдик өкүлү "Азаттык" сайтынын жабылышына тынчсыздануусун билдирдиЖыл башынан бери Өзбекстанга 320 миң орусиялык келдиКариб кризисине 60 жыл: дүйнөнү өзөктүк алааматка кептеген чыңалуу"Жанкечти" дрон: Ташкентти камтама кылган кабар