Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:55

Евробиримдик өкүлү "Азаттык" сайтынын жабылышына тынчсыздануусун билдирди


Евробиримдиктин адам укуктары боюнча атайын өкүлү Эймон Гилмор.
Евробиримдиктин адам укуктары боюнча атайын өкүлү Эймон Гилмор.

Евробиримдиктин адам укуктары боюнча атайын өкүлү Эймон Гилмор Кыргызстандагы саясатчылар менен активисттердин камалышына жана "Азаттыктын" сайтынын эки айга бөгөттөлүшүнө терең тынчсыздануусун билдирди. Бул тууралуу ал Твиттерге жазды.

Гилмор Кыргызстандын бийлиги фундаменталдуу эркиндикти сыйлоо жаатында алган өз милдеттенмелерин аткарышы керек экенин эске салды.

Буга чейин бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар, АКШнын Мамдепартаменти, америкалык сенаторлор "Азаттыктын" сайтынын бөгөттөлүшүн айыптаган билдирүүлөрдү тараткан.

26-октябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги "Так эмес (жалган) маалыматтардан коргоо жөнүндө" мыйзамды жүйө кылып "Азаттык Медиа" мекемесинин веб-сайтын эки айга жабуу чечимин чыгарган.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай бул кадамды эркин медианы куугунтуктоо жана кыргыз демократиясына көлөкө түшүрчү чечим деп баалады.

XS
SM
MD
LG