Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:53

Илгиз Шаменов 20-декабрга чейин камалганы кабарланды


Илгиз Шаменов.
Илгиз Шаменов.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 29-октябрда жарандык активист Илгиз Шаменовдун бөгөт чарасын карап, аны эки айга камакка алуу чечимин кабыл алганы кабарланды. Шаменовдун жакын тарапташынын "Азаттыкка" билдиришинче, жарандык активист 20-декабрга чейин №1 Тергөө абагында кармалат.

Шаменовдун бөгөт чарасы каралган соттук отурум жабык өткөнү айтылууда. Райондук сот азырынча маалымат бере элек.

Илгиз Шаменов Москвадан Бишкекке 28-октябрда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, жарандык активист Орозайым Нарматова менен чогуу жеткирилген. Жарандык активист Орусия тарап ага саясий баш паанек берүүнү сунуштаганын, бирок ал андан баш тартканын, өз позициясында бекем турууга даяр экенин Фейсбуктагы баракчасына жазган.

Илгиз Шаменов "Социал-демократтар" партиясынан Бишкек шаардык кеңешине депутат болгон. Балык чарба боюнча ишкердик менен алектенип, Жетим-Тоо кенин иштетүүгө каршы кыймылга кошулуп, активдүүлүгүн көрсөтүп жүрөт.

23-октябрда Ички иштер министрлиги "Массалык башаламандык уюштурууга даярдык" деген негизде бир нече саясатчы жана активисттерди кармап, үйлөрүн тинткен. Кийин соттун чечими менен жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы жана активисттер эки айга камалды.

Президент Жапаров улуттук "Кабар" агенттигине курган маегинде камалгандардын ишине чекитти сот кое турганын айткан.
Башаламандык уюштурууга айыпталгандар тагылган кинени толук четке кагып, мыйзамсыз кармалганын айтышууда. (BCh)

XS
SM
MD
LG