Адвокат Канат Хасанов дайыма барган кафеден тыңшоочу аппаратты тапканын билдирди

Канат Хасанов.

Адвокат Канат Хасанов кафеде өзү отурган жерден үн жаздыруучу аппарат тапканын билдирди. Бул тууралуу жактоочу "Азаттыкка" өзү кабарлады. Аппарат адвокат көп каттаган кафелердин биринде, диванга жашырылып койгон жерден табылган.

"Мен бир жылдан бери бир эле кафеге барып, бир орунда отурам. Дайыма жолугушуулар ушул жерде өтөт. Мен принципиалдуу түрдө кайсы бир түзүмдүн кызматкерлери камерага жаздырып жатканын билип туруп ушул жерге отурам. Бирок менин жашыра турган эч нерсем жок. Өз позициямды түз эфирлерде ачык айтып келем. Мыйзамды бузган, массалык башаламандык уюштурууга байланыштуу кандайдыр бир чагымчыл чакырыктарды жасаган эмесмин жана жасабайм", - деп жазган.

Юрист бардык маселелерди мыйзам чегинде чечүүгө аракет кыларын кошумчалады. Жактоочунун айткандарын башка булактардан тактоого мүмкүн болгон жок.


Канат Хасанов массалык башаламандык уюштурууга даярданган деген шек менен 23-октябрда кармалгандардын бири, активист Атай Бейшенбектин жактоочусу. Бул иш менен дагы 20дай киши кармалган. Бишкектин Биринчи май райондук соту алардын дээрлик бардыгын эки айга камаган. Алар акыркы күндөрү "Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берилишине каршы" болуп келген.

Атай Бейшенбек өзү мыйзамсыз кармалганын, "Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетине мүчө эмес экенин жана алардын жыйынына катышпаганын билдирген. (КЕ)

Дагы караңыз

Москвада кармалган Орозайым Нарматова Кыргызстанга алып келиндиЕвробиримдик өкүлү "Азаттык" сайтынын жабылышына тынчсыздануусун билдирдиАмерикалык сенаторлор "Азаттык" сайтынын бөгөттөлүшүн айыптадыМинистрлик "Азаттык Медиа" мекемесинин каттоо документтерин текшерди