26-октябрда активисттердин тобу “Алга, Казакстан” оппозициялык партиясын каттоо үчүн бешинчи жолу Юстиция министрлигине документ тапшырды. Топтун өкүлдөрү “Азаттык” радиосуна билдиргендей, алар миңдеген кишинин колун топтогон.
Ондогон киши демилгени колдоо үчүн облустардан Астанага келди. Маалыматка караганда, министрликтин өкүлү документтерди кабыл алды. Активисттер буга чейин төрт ирет партияны каттоо кагаздарын беришкен. Бирок мекеме улам бир мандемди таап келген.
Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, 2019-жылдан бери Казакстанда бери дегенде 18 саясий партия катталуу арызын тапшырган. Өткөн айда 10 партия тууралуу маалымдалган. Оппозиция бийлик өзүнө лоялдуу гана партияларды каттайт деп эсептейт. Бийлик "саясий жүйө менен тигил же бул партияны каттоодон баш тартат" деген сынды четке кагууда.
Президент Касым-Жомарт Токаев бийликке келгенден кийин саясий партияларды каттоону жөнөкөйлөштүрүү ниетин айткан. Бирок бир нече жылдан бери бир да партия каттала элек.
Дагы караңыз
Чеченстандын башчысы Кадыров Украинадагы согушту жихад деп атадыОрусия өзөктүк соккуну сынаган машыгуу өткөрдүМинск соту иликтөөчү журналист Сергей Сацюкту сегиз жылга кестиАктивист Марат Баязов милицияга жеткирилдиМинистрлик Кыргызстанда "Азаттыктын" сайтын эки айга жабуу тууралуу чечим чыгарды