Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:03

Минск соту иликтөөчү журналист Сергей Сацюкту сегиз жылга кести


Сергей Сацюк
Сергей Сацюк

Минск шаарынын соту белгилүү иликтөөчү журналист Сергей Сацюкту сегиз жылга түрмөгө кести. Беларустун Журналисттер ассоциациясынын маалыматына ылайык, 26-октябрдагы сотто прокурор “Ежедневник” сайтынын башкы редакторун пара алуу, социалдык жек көрүүнү козутуу, кызматынан кыянат пайдаланган деген негизде сегиз жылга эркинен ажыратууну сурады.

Журналисттин тарапкерлери саясий боектогу иш атайын токулган, эркин медиага жана жарандык коомду куугунтуктоонун бир бөлүгү деп эсептешет.

Беларус укук коргоочулары саясий туткун деп тааныган Сацюк былтыр декабрда кармалган. Ал 2020-жылдын августунда президенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы массалык демонстрациялар башталгандан кийин камалган беларустук 28 журналисттин бири.

Александр Лукашенко жеңүүчү деп таанылган шайлоонун жыйынтыгын АКШ, Европа биримдиги жана башка бир катар өлкөлөр тааныган эмес жана Минск бийлигине санкция салган.

XS
SM
MD
LG